Доксициклин тетрациклиндер тобуна кирет жана Bordetella, Campylobacter, E.coli, Haemophilus, Pasteurella, Salmonella, Staphylococcus жана Streptococcus spp. сыяктуу көптөгөн грам-позитивдүү жана гран-терс бактерияларга каршы бактериостатикалык таасир этет. Доксициклин ошондой эле хламидия, микоплазма жана риккетсия spp. бактерияларына каршы активдүү. Доксициклиндин таасири бактериялык белок синтезин басаңдатууга негизделген. Доксициклин өпкөгө абдан жакын жана ошондуктан бактериялык респиратордук инфекцияларды дарылоодо өзгөчө пайдалуу.
Тооктор (бройлерлер):
Доксициклинге сезгич микроорганизмдер козгогон өнөкөт респиратордук ооруларды (ӨРО) жана микоплазмозду алдын алуу жана дарылоо.
Чочколор:
Доксициклинге сезгич Pasteurella multocida жана Mycoplasma hyopneumoniae бактерияларынан келип чыккан клиникалык респиратордук оорулардын алдын алуу.
Дарылоодон мурун үйүрдө оорунун бар-жогун аныктоо керек.
Ичүү үчүн. Тооктор (бройлерлер): күнүнө 11,5 – 23 мг доксициклин гиклат/кг дене салмагына, бул дене салмагынын ар бир кг үчүн 0,1 – 0,2 мл доксициллин ичүүгө туура келет, 3-5 күн катары менен. Чочколор: күнүнө 11,5 мг доксициклин гиклат/кг дене салмагына, бул дене салмагынын ар бир кг үчүн 0,1 мл доксициллин ичүүгө туура келет, 5 күн катары менен.
Аллергиялык жана фотосезгичтик реакциялары пайда болушу мүмкүн. Эгерде дарылоо өтө узакка созулса, ичеги флорасы жабыркашы мүмкүн жана бул тамак сиңирүүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн.
- Эт жана субпродукттар үчүн:
Тооктор (бройлер): 7 күн
Чочколор: 7 күн
- Жумуртка: Адамдар жегенге жумуртка өндүрүү үчүн тууй турган канаттууларды колдонууга тыюу салынат.
25°Cден төмөн температурада, салкын жана кургак жерде, жарыктан корголгон жерде сактаңыз.